Жаңылыктар
ДССУ өзгөчө кырдаал режимин үч айга узартты
Кыргызстан жаңылыктары
ДССУ өзгөчө кырдаал режимин үч айга узартты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин үч айга узартты. Маалыматка ылайык, уюмдун өзгөчө кырдаал боюнча комитети Женева шаарында өткөн отурумда бул тууралуу кеңири талкуу жүргүзгөн. 

Аталган уюмдун башкы директору Тедрос Гебреисус COVID-19 пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү боюнча комитеттин сунушу менен макул болгон. Жыйында адистер пандемиянын дүйнө калкынын ден соолугуна кооптуу жана терс таасирин тийгизип жатат деген бүтүмгө келишкен. ДССУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин кезектеги жыйыны уюмдун башкы директорунун чечими менен үч айдан кийин же андан эрте өткөрүлөт.