Жаңылыктар
Нурпери Садырбекова: кызмат алмашса да спорт темасы жүрөгүмдө болот
Спорт
Нурпери Садырбекова: кызмат алмашса да спорт темасы жүрөгүмдө болот

Кыргыз спортунун өнүгүп-өсүүсүнө жана калың журтка жайылуусуна салым кошуп келе жаткан, спортчу жеңсе кошо сүйүнүп, жеңилүүгө дуушар болсо бирге кайгырган адамдар бар. Мына ушундай инсандардын бири, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурпери Садырбекова менен маек курдук.

Нурпери, саламатсызбы! Эң алгач, өзүңүз тууралуу  айтып берсеңиз? 

Саламатсыздарбы урматтуу КТРК телеканалынын угармандары, көрөрмандары. Мен Нурпери Садырбекова Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп ошол айылда билим алгам. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз спорт журналистикасына салымымды кошуп өлкө намысын коргоп, кыргыз желегин дүйнө жүзүнө тааныткан спортчулар тууралуу коомго маалымат жеткирип кызмат кылып келдим.  

Спорт тармагына, тагыраагы спорт агенттиктин коомчулук  менен байланыш бөлүмүнө кантип келип калдыңыз? 

К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин коомчулук менен байланыш (PR) адистигине ээ болуп артыкчылык дипломду колго алгандан кийин өз каалом менен спорт тармагын тандап келип калдым. Ал учурда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат борбору жаңы түзүлүп баштаган экен. Конкурс менен бөлүмгө адис болуп кабыл алынып, аталган ведомствонун маалымат борборунун ар бир этабын өттүм десем жаңылышпайм.

Бир канча жылдар бою ушул кызматта иштеп келдиңиз, эмне  сизди өкүндүрөт, эмне сүйүнтөт? 

Ооба, туура айтасыз билинбей эле бул тармакта иштегениме быйыл 8 жыл болуптур. Аталган кызматта иштегениме эч качан өкүнбөйм, тескерисинче сыймыктанам. Анткени кыргыз спортчуларынын ар бир жеңишине жакындан күбө болуп, ошол жердеги эмоцияларды, сүйүнүчтү коомго жеткирүү менен алектендик. Мындан сырткары кыргыз спорт журналистикасынан жакын кесиптештерди таптым. Кайрадан жашоомдо кесип тандоо турса ойлонбой туруп спорт журналистикасын тандамакмын.Сиз күбө болуп, эсиңизде калган кыргыз спорттундагы эң  урунттуу учурлар тууралуу айтып берсеңиз? 

Ушул кызматта иштеп жүрүп эң эсимде калганы бул кереметтүү Ысык-Көл жергесинде өткөн I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болду. Анткени бул оюндарда өз өлкөбүздө дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан миңдеген спортчулар күч сынашты. Мындан сырткары Баку шаарында өткөн Ислам шериктештик оюндарын ордунан чагылдырып берүү болду. Жогорку деңгээлде уюштурулган спорттук оюндарда кыргыз спортчулары бардыгы болуп 17 медалга ээ болгон. Ар бир спортчунун мелдеш алдындагы даярдыгы, женишке жеткендиги кубанычы дем берип турду. Кыргызстанда мындан сырткары жыл сайын спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча республикалык жана эл аралык мелдештер түз алып көрсөтүлүп, маалымат сайттарда ыкчам түрдө чагылдырып келдик.Спорттук мелдештерден сырткары Олимпиада оюндарына жолдомо алган кыргыз спортчуларынын Айсулуу Тыныбекова, Дарья Маслова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Атабек Азизбеков, Жоламан Шаршенбеков, Денис Петрашов, Юлия Андреева жана Мария Коробицкаянын катышуусунда социалдык видеороликтерди даярдадык. Спортчулардын социалдык баракчаларында сергек жашоо образын пропагандалап, жаштарды билим алууга үгүттөгөн маалыматтарды жайгаштырып келдик. Спортчунун атайын иш-чараларда сүйлөй турчу сөзүнөн бери даярдаганга жетишип келдик. Анткени кыргыз спортчуларынын деңгээлин жогору көтөрүү керек деген максат бар болчу.Дагы бир кошумчалап кете турчу иш бул белгилүү Netflix компаниясынын Кыргызстандын маданиятына жана көк бөрү спортуна арналган "Away Game" даректүү программасын даярдоо болду. Бул телекөрсөтүүнүн улуттук көк бөрү спортун жайылтуудагы маанисин эске алып, мен өлкө аймагында кино тартууга жардам берип кино тартуучу топ менен бирге иштедим.

Кыргызстанда спорт журналисттерди даярдаган мектеп жок  деп айтып калабыз, бирок акыркы жылдары спорт журналисттер көбөйүп баратканы  байкалат, деги эле өлкөбүздөгү спорт журналисттер тууралуу оюңуз? 

Ооба, туура айтасыз Кыргызстанда атайын адистер даярдалбайт, бул маселе бир четинен мени өкүндүрөт. Анткени спорт журналистикасына жаны менен спортту сүйгөн, өз кесибин сыйлаган гана адам эмгектене алат. Бул кызматта иштеп турганда Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз спорт журналисттер клубун түздүк. 2014-жылдан тартып жыл сайын Ысык-Көл жээгинде Спорт журналисттер арасында спорттук мелдеш өткөрүп келдик. Бул турнирдин өзгөчөлүгү мелдеш учурунда журналист өзүн спортчунун ордунда күч сынашып медаль алууга умтулуусу болот. Муну менен биз спортту жазган кесиптештер ар бир спортту ичинен түшүнүп, материал даярдоодо женилдик болсун деген ойдо аткардык. Аталган мелдешти эл аралык спорт журналисттер арасында өткөрөйүн деген чоң максатым бар эле. Буюрса келечекте ишке ашат деген үмүттөмүн.

Ошондой эле, Кыргызстанда 2015-жылдан тартып «КТРК Спорт» телеканалы өз берүүсүн баштаган. Аталган телеканалдын келечеги чоң, ошондуктан КТРК Спорт телеканалын өсүп келе жаткан жаштарга сунуштайм. Бул жерден чыныгы спорт журналист болууга мүмкүнчүлүк бар.Жумуштан кетүүңүзгө эмне себеп болду? Балким, Олимпиада  оюндарынан кийин жумуштан кетсем туура болмок деп ойлойсузбу? Анткени сиз буга  чейин эле азыр чемпион болгон, жолдомо алган спортчулар тууралуу жазып  келдиңиз. Кыргыз спортунун жайылуусунда эмгегиңиз чоң, бул дагы бааланышы керек  дегендей.

Биринчиден алдыга жылуу керек деген максат болду. Олимпиадага жолдомо алган спортчуларга колуман келген жардамымды уланта берем. Кызмат алмашса дагы спорт темасы жүрөгүмдө болот. Ошондуктан баары алдыда деп ойлойм, мүмкүн жаңы мүмкүчүктөрдүн баары алдыда.Ар бир иште  максат  коюп, келечекке план коюу болот эмеспи, кыргыз спортунун алдыңкы 10 жылын  кандай көрөсүз?

Кыргыз спортунун келечеги кең деп ойлойм. Эң биринчи эле оюма бардык шарты түзүлгөн спорттук базалар келди. Анткени башка алдынкы мамлекеттерде биринчи орунда бала бакчадан тартып спорт менен машыгууга шарт түзүү камсыз кылынат. Биздин өлкөдө жөнөкөй калкка шарт түзүлсө алардын арасында талантттуу жаш спортчулар өсүп чыгат. Таланттуу спортчуну профессионалдуу түрдө машыгуусуна мыкты, өз ишин билген машыктыруучулардын көп болуусун каалайт элем. Анткени ар бир спортчунун артында машыктыруучунун чоң эмгеги турат. 

Маегиңиз үчүн ыракмат!