Жаңылыктар
Улуттук банк дагы 3 миллион долларды сатыкка чыгарды
Экономика
Улуттук банк дагы 3 миллион долларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк сомдун курсун колдоо максатында дагы 3 миллион долларды сатыкка чыгарды. Январь айынан бери Улуттук банк валюта рыногундагы мындай операцияны онунчу жолу аткарууда. Ушул айда эле сомдун курсун турукташтыруу үчүн 42 миллиондон көп доллар сатылган. Интервенция жүргүзүлгөндөн кийин сомду сатып алуу курсу жогорулап баштаган. Бүгүнкү күндө шаардагы акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар калктан бир долларды 75,9 сомдон алып, аны эки жумадан бери өзгөрүүсүз - 76,3 сомдон сатып жатат. Номиналдык курс 75,8 сом деп белгиленген. 

Белгилей кетсек, Улуттук банктын бул кадамы валюта рыногунда толук акталды. Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерде болсо нефтинин баасы төмөндөгөнүнө карабай доллардын позициясы бекем бойдон кармалууда.