Жаңылыктар
Германияда болгон жардыруудан 1 адам каза болуп, 12 киши жаракат алды
Дүйнө
Германияда болгон жардыруудан 1 адам каза болуп, 12 киши жаракат алды

Дүйшөмбүгө караган түнү Германияда болгон жардыруудан бир адам каза болуп, 12 киши жаракат алды. Маалыматка ылайык, жардырууну ишке ашырган жаран каза болгону айтылууда. 

Жергиликтүү полициянын маалымдашынча, жардыруунун максаты белгисиз. Германиянын түштүгүндөгү Ансбах шаарында болгон жардыруунун себеби изилдене турганын Бавариянын ички иштер башчысы Иоханн Херрманн маалымат жыйында билдирди. 

Жардырууну уюштурган киши 27 жаштагы Сириялык жаран экени айтылууда. Ал буга чейин бир нече жолу мыйзам бузуп, эки ирет өз жанын кыйууга аракет кылган адам катары полициянын каттоосуна алынган.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118