Жаңылыктар
Жапаров калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жапаров калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады

Өлкөнүн энергетика тармагы азыркы учурда өтө кейиштүү абалда жана аны жөнгө салуу үчүн кечиктирилгис чукул чаралар талап кылынат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров энергетика тармагынын адистери жана ардагерлери менен болгон жолугушуусунда билдирди. 

Өлкө башчысы энергетиктер менен бул тармакты реформалоонун орто жана узак мөөнөттүү долбоорлорун талкуулап, электр энергиясы үчүн болгон тариф маселесине да кеңири токтолду.