Жаңылыктар
Экспорттун эбин тапкан тигүүчүлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Экспорттун эбин тапкан тигүүчүлөр

Пандемияга карабастан жеңил өнөр жай тармагы жеке эле ички эмес сырткы рыноктун да эбин тапты. Кыргызстандан чыккан кийим-кечелер чет мамлекеттердин рыногуна экспорттолууда. Кыргызстан азыр ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен кийим-кечени эң көп экспорттогондордун бешинчи сабында. 

Мындан улам Өкмөт жеңил өнөр жай тармагын мындан да күчтөп продукциянын сапатын арттыруу аракеттерин көрүүдө. Ал үчүн “Кепилдик фонд” сыяктуу каржылык уюмдар ишкерлерге насыя алууда жардам берүүдө.