Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүүдө шайлоочулардын 80 пайызга чукулу президенттик башкаруу формасын колдогон. Иштеп турган Баш мыйзамга ылайык, Боршайком шайлоонун жыйынтыгын 30 күндө таанып, ага мамлекет башчысы кол коюшу керек. Серепчилердин пикиринде, баш мыйзам менен кошо жарандардын көз карашы жаңыланууга тийиш.