Жаңылыктар
Нарында калкты таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат
Аймак
Нарында калкты таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат

Калкты таза суу менен камсыз кылууда эң ириде санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышына басым жасоо маанилүү. Бул багытта өкмөткө караштуу Ичүүчү сууну өнүктүрүү департаменти эл аралык донор уюмдар менен иштешүүнү колго алган. 

Алсак “Жергиликтүү азык-түлүк тутумун туура тамактануу үчүн колдоо” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын 20 айылын ичүүчү суу менен камсыздоо аракети көрүлүүдө.