Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрлүк жубайы Мария Айтматова акыркы сапарга узатылды. Улуу жазуучуга дем берип, ар дайым жанында жүрүп, дүйнөгө атагы чыккан инсан болушуна салымын кошкон бул адам күтүлбөгөн жерден ооруга чалдыгып, көз жумду. Замандаштары аны эң эле жөнөкөй, кичипейил, адамгерчиликтин асыл сапатын алып жүргөн акылдуу аялзаты катары эстеп калышты.