Парламент депутаттары Башкы прокурордун отчетун канаттандыраарлык деп тапты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев коронавирус пандемиясы учурунда Башкы прокуратуранын ишинин негизги багыты жарандардын ден соолугун сактоо жана коргоо, калкты медициналык дары-дармектер менен камсыздоо, медицина кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу болгондугун белгиледи.
Мындан сырткары, Башкы прокуратура балдардын укугун коргоо, мыйзамдуулукту камсыздоо, коррупцияга кыршы күрөшүү, бизнести жана ишкерликти коргоо, зыяндарды төлөтүү, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык объектилерди мамлекетке кайта кайтаруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөндүгүнө токтолду.