Россиядагы кыргызстандык ишкер Бишкектеги кайрымдуулук уюмдарынын бирине унаа белек кылды. Ал Бишкек шаары менен Чүй облусундагы балдар үйлөрүнө тамак-аш, азык-түлүк жеткирүүгө пайдаланылат.
Белекти ишкердин айылдаштары келип тапшырды. Кайрымдуулук фондуна мындан ары да жардам көрсөтүлөт.
“Атайын келип, айылдаш инибиздин аманатын аткарып жатабыз. Ушундай кайрымдуулук иштерин көп аткарып келатат",- деди Панфилов районунун Чалдыбар айылынын тургуну Жолдошбек Асанбеков.
“Биз атайын чогулткан тамак-аш, азык-түлүк, курулуш материалдарын балдар үйлөрүнө жеткирүүдө такси жалдап же ар кимден жардам сурап унаа айдатчубуз. Атайын ишкерге кайрылып, ушул жардамды алып жатабыз. Ишибиз бир топ жеңилдейт",- деди Кайрымдуулук фондунун өкүлү Гүлбарчын Бегимбаев.