15-июнда Россияда документтеринде маселе бар же административдик айып пулду төлөбөгөн мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтү аяктайт.
Эске салсак, бул чаралар пандемияга байланыштуу, чек аралар жабык болгондо кабыл алынган. Россиядагы мигранттар 15-июндан кийин текшерүүлөр башталат деп кооптонушууда. Бул өлкөнүн Ички иштер министрлиги КМШ мамлекеттеринин Орусияда мыйзамсыз жүргөн жарандарын 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды.