Жаңылыктар
Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды

Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Жогорку сотунун судьялары жыйынга чогулган. 

Анын алкагында бир добуштан колдоо тапкан Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды. Ал буга чейин төрайымдын орун басары болчу. Ал эми төрайымдын орун басары Жогорку соттун судьясы Качыке Эсенканов болду.