Россия Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жөнөттү. Бүгүн анын алгачкы партиясы өлкөгө келет. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жумушчу жолугушуусунда талкууланган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун 24-25-февралында Россияга болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшү каралган. Артем Новиков Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын расмий каттаганын айткан.
Мындан тышкары, тараптар Россиянын аймагындагы Кыргызстандын мигранттарынын жүрүүсүнүн укуктук макамы, жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу маселеси талкуулады. Жолугушуу алкагында эки тараптуу кызматташтыктын жана санариптештирүү жаатындагы өз-ара аркеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.