Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиргендей, 24-апрелге чейин абанын температурасы кескин өзгөрүп, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу, Чапчыма, Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы, Талдык ашуусу жана Каракол - Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.