Мыйзамсыз сатылып жаткан продукциялар аныкталды. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Токмок шаарындагы борбордук базарда рейд жүргүзүштү.
Анын алкагында, күмөндүү акциздик марка жана коштомо документтерсиз 6 миңден ашык бөтөлкө спирт ичимдиктери, акциздик маркасы жок 1 миң 560 таңгак тамеки алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.