Жаңылыктар
Эл аралык "Альпиниада – 2021" мелдеши өтөт
Спорт
Эл аралык "Альпиниада – 2021" мелдеши өтөт

1-май күнү Ала-Арча капчыгайында "Альпиниада - 2021" эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен билдирди. 

Мелдештин максаты - спорттун альпинизм, аскага чыгуу сыяктуу түрлөрүн пропагандалоо, спортчулардын квалификациясын жогорулатуу жана элди сергек жашоого үндөө. Катышуучулар өз тандоосуна жараша Комсомол чокусуна, Рацек үйүнө жана Адигине көлүнө бара алат. Ага чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү спортчулардан 200дөй кишинин катышары күтүлүүдө. Комсомол чокусуна жашы 16дан өткөндөр гана бара алат. Жалпысынан жүрүшкө спортчулар топ-топко бөлүнүп катышат. Ар бир топто бештен онго чейин киши болушу керек.