Жаңылыктар
Талас облусунун Көк-Ой айылындагы толук оңдоодон өткөн оорукана ишке берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусунун Көк-Ой айылындагы толук оңдоодон өткөн оорукана ишке берилди

Талас облусунун Көк-Ой айылындагы оорукана ишке берилди. Бул жерде ковид-19 менен катталган бейтаптар дарыланышууда. Дубанда абал туруктуу болгону менен акыркы күндөрү бул илдетти жуктургандардын саны 10 адамга жетти. 

Облустук биргелешкен оорукананын жетекчилиги билдиргендей илдет жуктургандарды дарылоо үчүн дары-дармек кору жетиштүү. Андан тышкары, бул ооруканада дем алдыруучу жабдыктардын тийиштүү түрлөрү, керебеттер толук камсыздалган. "Кызыл тилке" болуп ачылган 3-кабатта бейтаптарды дарылоого жетиштүу шарттар бар. 

Белгилей кетсек, оорукана 1980-жылдары ачылып, 2006-жылы толук жабылган. Былтыр республикалык бюджеттен каражат каралып, 300 орунга ылайыкталып, кайра толук оңдоодон өткөрүлдү.