Жаңылыктар
Коомчулукка сунушталган электр энергиянын жаңы тарифтери боюнча талкуу уланат
Кыргызстан жаңылыктары
Коомчулукка сунушталган электр энергиянын жаңы тарифтери боюнча талкуу уланат

Коомчулукка сунушталган электр энергиянын жаңы тарифтери боюнча талкуу ушул жылдын август айына чейин созулат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. 

Анын айтымында, тарифтердин ар бир категориясы коомчулук менен бирге талкууланып, андан соң гана жыйынтыктоочу чечим кабыл алынат. Андыктан талкуу учурунда ар бир жаран өзүнүн сунуштарын киргизе алат. Белгилей кетсек, сунушталып жаткан жаңы тарифтерге ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөм 74 тыйындан, жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн төлөм 1 сом 04 тыйындан, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр үчүн электр энергияны 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталууда. 

Ал эми электр жарыгын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуш киргизилген. Өлкөдө аз камсыз болгон 110 миң, ал эми жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочулары 120 миңге жакын үй-бүлө деп эсептелүүдө.

"Энергетикадагы чыныгы абал айтылбагандан улам ушул абалга келип жеттик, эми бардыгын ачык айтып реформа жүргүзүш керек. Азыркы тарифтер инфляцияны эске алып иштелип чыкты",- деди Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев.