Жаңылыктар
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөнүнө 30 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөнүнө 30 жыл

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Мааракенин урматына арналган иш-чарада өз милдетин так аткарган кызматкерлер сыйланды. 

Бул кызмат мурда баңги ишмердиги менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы катары 1991-жылы 22-апрелде Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмү катары түзүлгөн. Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан бери баңги ишмердиги жана баңги көз карандылыгы менен күчөтүлгөн күрөш башталган. Бирок, кызматтын өнүгүүсүнүн тарыхы коомдун татаал жана ар тармактуу көйгөйү менен алектенген бул бөлүм маанилүү экендигин көрсөттү. 

Азыркы учурда милициянын бир бутагы болгон орган Кыргызстандагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча атайын жалгыз кызмат болуп саналат. Кызматкерлердин алгылыктуу жана таалыкпас эмгегинин арты менен баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар колдонулуп, баңги көз карандылыгын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.