Бишкектин жаңы конуштарында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жана анын алдын алуу максатында акциялар өткөрүлдү.
47 жаңы конуштун пилоттук деп тандап алынган 10 конушунда активисттер ала качууга каршы веложүрүш өткөрүп, никеге эрте туруу, мигранттардын укугун коргоо, үй-бүлөдөгү, коомдогу негизги баалуулуктар, перзентти туура тарбиялоо туурасында кеп-кеңештерди беришти.
Иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында катышуучулар мигранттардын балдары көбүрөөк басмырлоого кабылып жатканын билдиришти. Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулукка аялдар жана улгайган адамдар туш болору айтылды.