Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын эл артисти Султан Каримовго акчалай жардам көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын эл артисти Султан Каримовго акчалай жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын эл артисти Султан Каримовго президенттин резервдик фондунан акчалай жардам берилди. 

Аны Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев менен Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев тапшырды. 45 жылдан ашык сахнада өнөрүн тартуулап келген Султан Каримов акыркы 2 жылдан бери саламаттыгына байланыштуу иштебей, дарыланууга Түркияга барып келген. Алдыда Анталия шаарында боло турган операцияга даярдык көрүп жатат.