2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун келечеги, анын ичинде экономикалык өнүгүүгө даректүү жардам берүү механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле инновациялык, санариптик жана "жашыл" технологиялардын ролу Москва шаарында өткөн "Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүү стратегиясы" бизнес форумунда талкууланды.
ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев ЕАЭБ өлкөлөрү илимий-техникалык өнүгүүнүн натыйжалуу тутумун куруу үчүн жетиштүү билимге жана тажрыйбага ээ экендигин белгиледи. Россиянын Эркин экономикалык коомунун президенти, Эл аралык экономисттер бирлигинин президенти Сергей Бодрунов ноономика жөнүндө түшүндүрмө берди. Стратегия-2025ти ишке ашырууда форумдун катышуучуларынын сунуштары эске алынат.