Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо 7 пайыздык босогодон 9 партиянын төртөө өттү. Алар “Ата-Жур - Кыргызстан”, “ Улуттар Биримдиги”, “Ыйман-Нуру” жана “Ынтымак” партиялары. Бул туурасында Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 21-апрель күнү шайлоонунун жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаарында 78 добушкана иштеди. Жалпы 152 миң добуш берүүчүнүн тизмеси илинген. Бул жолу Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орун үчүн жалпы 702 талапкер катышты. Алардын 446сын эркек, 236сын аялдар түздү. Шаардык кеңешке өткөн шайлоодо бир дагы партияны четтетүүгө жетиштүү далил жок экенин БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жалпы 105 даттануу түшкөн. Мунун 27си саясий партиялардан болсо, 68 коомдук уюмдардан жолдонгон. Дагы он арызды жеке адамдар калтырган.
"Чечимге нааразы болгон тарап 3 күндүн ичинде БШКга арызданууга укуктуу, эгерде БШКнын токтомуна нааразы болсо, Жогорку сотко кайрылса болот, Жогорку соттун чечими акыркы чечим болот, шайлоонун жыйынтыгы менен 4 партия өттү деп табылды",- деди БШКнын Ош облусу боюнча өкүлү Расул Кадырова.