Кыргызстанда коронавирустун 4 түрү аныкталды, - деп маалымдайт Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.
Министрлик Кыргызстандагы оорулуулардын арасында коронавирустун башка түрлөрүн аныктоо боюнча тереңдетилген филогенетикалык изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары бар экени аныкталды.
Буга байланыштуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бет кап тагууну, социалдык аралыкты сактоону, антисептик колдонууну, симптомдор аныкталган шартта дарыгерге кайрылууну, өз алдынча дарыланбоо менен алдын алуу чараларын так сактоону сунуштайт.