Жаңылыктар
Жыланга толгон арал тууралуу уктуңуз беле?
Дүйнө
Жыланга толгон арал тууралуу уктуңуз беле?

Бразилиянын жээгинен 35 чакырым алыстыкта Кеймада-Гранди деген адаттан тыш арал жайгашкан. Бул аралдын ээси жыландар. Адамдарга барууга тыюу салынган.Ал эми бул аралга барууга батынгандардын жашоо менен коштошууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Аралдын аянты анча чоң эмес - болгону 0,4 чарчы чакырым. Бразилия бийлиги өлүмгө алып келген жер тилкесине барууга тыюу салган, бирок аралга чектөө коюлбаса деле барууну каалагандар көп эмес. Аралда маяк бар, буга чейин аны Кеймада-Грандиде үй-бүлөсү менен жашаган кароолчу көзөмөл кылчу.Бир жолу алардын үйүнө жыландар сойлоп кирип, үйдөгүлөр качып кетүүгө аракет кылса да майнап чыккан эмес, бардыгы жылан чаккандан улам көз жумушкан. Маяк бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет, бирок оффлайн режиминде эмес. Аралда отурукташууну каалаган адамдар табылган эмес. Ачка болуп, банан чогултуу үчүн аралга барууну чечкен балыкчы жөнүндө элдик уламыш дагы бар. Ал бананга жетпей калып, сөөгү  кемеде табылган.

Ал, кароолчунун үй-бүлөсү сыяктуу, жылан чагып көз жумган. Жыландардын айынан бул аралда адамдар гана эмес, бака, кескелдирик жана курт-кумурскалар дагы дээрлик толугу менен жок болушкан. Бүгүнкү күндө жыландардын негизги азык-түлүгү - аралга конууга аракет кылган куштар. Айрым канаттуулар бул жерге уя салууга да жетишет, бирок көбүнчө жумурткалар же балапандар жыландын жемине айланат. Жергиликтүү жыландардын эң чоң коркунучу - жыландардын үй бүлөсүнө таандык аралдагы ботроптор. Бул өтө кооптуу сойлоочунун узундугу бир метрге чейин жетет.Терисинин өңү саргычтан ачык-күрөңгө чейин кара чарчы же үч бурчтуу тактар менен болот. Кызыгы, Кеймада-Грандиден башка аралдардан бул жыландын түрлөрү дээрлик кездешкен эмес. Ошондуктан жыландардын бул түрү сейрек кездешүүчү категорияга кошулуп, Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл тизмесине киргизилген. Дарыгерлердин айтымында, аралдын ботроп түрүнө кирген жыландары чагып алгандан кийин өлүмгө учуроо ыктымалдыгы өтө жогору болуп саналат. Болгондо да, өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн учурда.

Эгерде жакын жерде дарыгерлер жок болсо, анда жабырлануучу сөзсүз түрдө өлүмгө дуушар болот. Жабыркагандар мээге кан куюлуудан же бөйрөк иштебей каза болушат. Бул аралдагы жыландардын санын, ал тургай болжолдуу да айтуу мүмкүн эмес. Адамдар бул коркунучтуу жерди таштап кеткенден кийин, сойлоочулар бул жерде эселеп көбөйүшкөн. Айрымдары ар бир чарчы метр жерге бештен жылан туура келет дешет. Бул чын же калп деп айтуу кыйын. Бирок, адамдар Кеймада-Грандиге таптакыр барбайт деп ойлобошубуз керек.Анткени менен, от менен ойногон адамдар да табылат. Өлүм коркунучуна карабастан, аларды бул жерде эмне кызыктырат дейсиз? Серпентолог окумуштуулар илимий байкоо жүргүзүү үчүн расмий уруксат алышат. Бирок келгендердин көпчүлүгү мыйзамсыз. Алар жыландар аралдын токойлуу бөлүгүндө гана кездешкендиктен, жээкте болуу салыштырмалуу коопсуз экенине ишенишет. Мындан тышкары, акчага жакындар үчүн арал ботропстор - бул кубанычтуу трофей, анткени анын териси базарда жогору бааланат. Каракчылар аралдагы көптөгөн байлыктарды көмүп, аны кайтаруу үчүн жылан аскерлерин коё беришкен деген ой менен казына издегендер да кездешет.


✎ Эмил Жолдошев