Жаңылыктар
Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясы жаатында меморандумду тездетүү боюнча макулдашты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясы жаатында меморандумду тездетүү боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясы жаатында меморандум иштеп чыгууну тездетүү боюнча макулдашты. Айтсак, 21-апрелде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда, Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Немото Наоюки, Кыргызстанда иш жүргүзгөн япон ишкерлери менен жолугушту. 

Казакбаев Япония менен өнөктөштүктүн негизги багыттары өзгөрүлбөй тургандыгын белгиледи. Жолугушууда ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлордун бири “Бир айыл - бир продукт" долбоору экендиги айтылды. Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Күн чыгыш өлкөсүнө жайылтуу, IT-технологияларын өнүктүрүү, кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.