Жаңылыктар
Спутник Ви вакцинасынан 20 миң доза көлөмүндөгү партиясы алынып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Спутник Ви вакцинасынан 20 миң доза көлөмүндөгү партиясы алынып келди

Бүгүн Бишкекке Россия өндүрүшүнөн чыккан Спутник Ви вакцинасынан 20 миң доза көлөмүндөгү партиясы алынып келди. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында вакцина дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде даңкталып, сапаты жакшы экени айтылып жатат. Кыргыз элинин саламаттыгы үчүн өтө маанилүү болгон бул вакцинаны алып келүү боюнча макулдашууга президент Садыр Жапаровдун быйыл февраль айында Москвага барган сапары учурунда жетишилген. Кыргызстан жалпысынан мындай вакцинадан миллион дозага чейин алууну көздөп жатат.