Баткен облусунда мунайды кайра иштетүүчү чакан завод ишке кирет. Жакынкы айларда ачыла турган завод алгач дизелдик май менен мазут чыгарат. Ишкана Лейлек районун, андан кийин облусту толук камсыздаганга мүмкүнчүлүгү бар. 40 адам эмгектенген заводдун бир жылдык өндүрүмү 10 миң тоннадан ашары айтылууда.