Борбор калаада маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиевдин "Айтуучулук касиет" аталышындагы китебинин бет ачары өттү.
Басылма Россиянын окумуштууларынын сунушу менен жазылып, 1 миң нускада жарык көрдү. Автордун айтымында, айтуучулук, “Манас” эпосуна арналган он экинчи китеп илимий же көркөм чыгарма болуп саналбайт. Башынан өткөн окуялары баяндалган эмгек эссеге жакыныраак. Орус тилинде жарык көргөн китеп менен автор эпикалык дүйнөгө кызыккан, анын күнгөй-тескейин түшүнгөн окурмандарга арналганын белгиледи. Китеп жылдын аягына чейин англис тилине которулуп, кийинки жылы жарык көрүүсү күтүүлүүдө.
"Окурмандар айтуучулук касиет эмне экенин түшүнө алат. Манас жөнүндө айтып келеби, бирок талдап ийне-жибине чейин түшүндүрө албайбыз. Ошол себептен бир манасчынын тажрыйбасы аркылуу айтууну, түшүндүрүүнү туура көрдүм”,- деди китептин автору, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев.