Жаңылыктар
Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Ошто коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынын басма сөз кызматы билдирди. 

22-апрель күнү Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү.

Рейдге Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, санитардык -эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана потрулдук милиция катышты.

Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандар эскертүүлөр берилди.

Эң негизгиси каттамдардын ар бириндеги антисептиктердин бардыгы, жүргүнчүлөрдүн беткап кийүү тартибине көңүл бурулду.