Ош шаарында алгачкы ирет улуттук ордо оюну боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мериясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү ордо улуттук оюну боюнча республикалык мелдештин расмий ачылышы болду.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев жана ордо боюнча башкы машыктыруучу Жаныбек Айталиев катышты.
Мелдешке Кыргызстандын жети облусунан, ошондой эле, Ош жана Бишкек шаарларынан командалар келип катышып жатат. Жеңүүчүлөр Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин баалуу белектери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ордо федерациясынын дипломдору менен сыйланышат.
Турнирде өзгөчөлөнгөн оюнчуларга ордо боюнча спорт чебери жана талапкерлери наамы берилет. Эң негизги байге жеңген команда Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жолдомо алат.
Белгилей кетсек, быйыл ордо оюну Ош шаарында өткөн үчүнчү республикалык чемпионат. Буга чейин Ош шаарында самбо жана бокс боюнча республикалык мелдеш өткөрүлгөн.