Жаңылыктар
Тажикстан бийлиги орусиялык авиакомпаниялардан билеттин баасын арзандатууну талап кылды
Дүйнө
Тажикстан бийлиги орусиялык авиакомпаниялардан билеттин баасын арзандатууну талап кылды

22-апрелде Тажикстан Жарандык авиация агенттиги орусиялык «Уральские авиалинии», UTair, «Сибирь» жана «Северный Ветер» авиакомпанияларынан эки күндүн ичинде авиабилеттердин баасын арзандатууну талап кылды.

«Тажырыйба көрсөткөндөй, жаз-жай мезгилинде Орусияга учуп кетүүнү каалаган тажикстандыктардын саны көбөйөт. Орусиялык авиакомпаниялардын өкүлдөрү бул кырдаалдан пайдаланып, авиабилеттердин баасын ыксыз көтөрүүдө», – деди Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Икром Субхонзода.

Анын айтымында, Тажикстан жарандары авиабилеттерди сатып алуу үчүн банктардан насыя алууга аргасыз болушууда. Субхонзода авиакомпаниялар билеттердин баасын жогорулатуунун ордуна, чартердик каттамдардын санын көбөйтүшү керек деп эсептейт.

Апрелдин башында «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы Тажикстандан Орусиянын жети шаарына –Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Самара, Екатеринбург, Казань жана Уфага ырааттуу каттамдарды уюштурууга уруксат алган. Бирок билеттин баасы кыйла кымбат. Маселен, Душанбе-Москва Санкт-Петербург багыты боюнча билет 884 доллар турат.

25-мартта Орусиянын өкмөтү 1-апрелден тартып бир нече өлкө, анын ичинде Тажикстан менен туруктуу аба каттамдары калыбына келтириле турганын билдирген. Душанбеден Москвага чейинки билеттин минималдык баасы 349 доллар деп аныкталган. Бирок соцтармактардын колдонуучулары билеттер 600-800 долларга сатылып жатканын жазышууда.