Жаңылыктар
Нарын шаарынын кире беришине 150 даана карагай көчөттөрү отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарынын кире беришине 150 даана карагай көчөттөрү отургузулду

Нарын шаарынын кире беришин көрктөндүрүү аракети колго алынды. Нарын районунун түптөлгөнүнүн 90 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын утурлай, 150 даана карагай тигилди. 

Көчөттөр отургузулган жер курчоого алынып, көзөмөлдө болот. Буга чейин ээн турган тилке эми жашыл аймакка айланып, келечекте көрктүү сейил багы түптөлөт деген ишенич чоң.