Жаңылыктар
Кыргызстанда “Тамеки жана никотинсиз мектеп” пилоттук долбоору башталды
Билим
Кыргызстанда “Тамеки жана никотинсиз мектеп” пилоттук долбоору башталды

Бул максатта республикада төрт мектеп тандалып алынды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана тандалган билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнө Казакстандан келген эксперттер долбоорду ишке ашыруу тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Анда тамекинин жаш муунга тийгизген таасири, маалымат жеткирүү ыкмалары жөнүндө маселелер каралды. 

Долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштар дагы айтылды.

2019-жылы жүргузүлгөн изилдөөлөр боюнча Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын 6% тамекинин ар кандай түрун колдонот, 2,4% чылым чегет, 13 пайызы качандыр бир кезде тамеки тарткан.