Жаңылыктар
Фискалдаштыруу тутуму ар кандай каршылыктарга карабастан ишке ашырылат
Саясат
Фискалдаштыруу тутуму ар кандай каршылыктарга карабастан ишке ашырылат

Фискалдаштыруу тутуму ар кандай каршылыктарга карабастан ишке ашырылышы керек.

Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Анын айтуусунда, фискалдаштырууну толук кандуу ишке киргизүү коррупцияны жоюп, көмүскө экономиканын деңгээлин кескин кыскартуу менен мамлекеттин кирешесин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Кабыл алынып жаткан чаралар жеке бизнести колдоо, мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттешүүнүн ыңгайлуу жана жеңилдетилген механизмдерин түзүү, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана сергек атаандаштыкты түзүү сыяктуу критерийлерге жооп бериши керек. Кеңешменини жүрүшүндө 2021-жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча «Жол картасы» каралып, сунуштар жана толуктоолор берилди.