Жаңылыктар
Бишкекте айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтөт

Бишкекте айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мериясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбордун коноктору! Ушул дем алыш күндөрү биз сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган салтка айланган айыл -чарба азык-түлүк жарманкесине чакырабыз.

Дыйкандар эртең мененки саат 10:00дон тартып  ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сунушташат.

Шаардыктар үчүн жарманкелер төмөнкү даректерде иштейт:

• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;

• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.

• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Баарыңыздарды күтөбүз!
Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Санитардык эрежелерди унутпаңыздар: бет кап, тазалоочу каражаттар жана аралык! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!