Жаңылыктар
Барскоон—Ак-Шыйрак авто жолунун 40-чакырымында кар көчкү түштү
Өзгөчө кырдаал
Барскоон—Ак-Шыйрак авто жолунун 40-чакырымында кар көчкү түштү

22-апрелде саат 15:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон—Ак-Шыйрак авто жолунун 40-чакырымында кар көчкү түштү. 

Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн техникалар тартылды.

Ошондой эле Каракол—Эңилчек унаа жолунун 58-чакырымы кыймылга жабылды. Бул аралыкка узундугу 300, бийиктиги 20 метрди түзгөн, тагыраагы 40 миң кубометр кар көчкү түштү. Жеринде трассаны тазалоо иштери жүрүп жатат.