Быйыл Кадыр түн тосуу 8-майдан 9-майга караган түнгө белгиленди.
Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү болот.
Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис боюнча баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча жакшылык тилешет.