Жаңылыктар
Борбор калаада көркөм муз тебүү боюнча чемпионат өтөт
Спорт
Борбор калаада көркөм муз тебүү боюнча чемпионат өтөт

23-24-апрель күндөрү  "Шаардык муз тебүү аянтчасы" спорт-оюн-зоок комплексинде балдар жана жаштар арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаардык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мериясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке 40дан ашуун жаш спортчулар катышат - бул 18 жаштан жогорку балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Коньки тебүү федерациясы уюштурууда.