Жаңылыктар
А.Атамбаев Т.Сарпашевди кабыл алды
Саясат
А.Атамбаев Т.Сарпашевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү жана анын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чараларын сурап, жарандарды заманбап маалымат технологиясы менен тейлөө багытында ведомствонун мындан аркы пландары тууралуу маалымат алды.

Сарпашев ошондой эле жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча жүргүзүлүп жаткан үзгүлтүксүз иштер жана өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди.

Президент-Кыргызстандын жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун заманбап технологияларын киргизүү - мамлекеттик органдардын ачыктыгын камсыз кылууга жана алар көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга, ошондой эле коррупцияны жоюуга жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш экендигин белгиледи.