Жаңылыктар
ӨКМ: кар көчкүдөн улам Каракол - Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: кар көчкүдөн улам Каракол - Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Кар көчкүдөн улам Каракол - Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Кар көчкү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 22-апрелде саат үчтөр чамасында түшкөн. Азыркы тапта жеринде тазалоо иштери уланууда. Унаа жолу 25-апрелге чейин жабык болот.