Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын инспектору мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, кармалган инспектор жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп, күнүмдүк керектелүүчү товарларды импорттоодо бажы төлөмдөрүсүз процедураларды жүргүзгөн. Мындан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Кармалган инспектор УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынына убактылуу киргизилди. Учурда бул факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.