Жаңылыктар
Түркияда камакка алуу иштери күчөдү
Дүйнө
Түркияда камакка алуу иштери күчөдү

Түркияда 42 журналистти камоого буйрук чыкты. Камакка алына турган калемгерлер арасында таанымал комментатор жана мурдагы депутат Назли Иличак да бар. Ал өкмөтчүл “Сабах” гезитинен 2013-жылы коррупцияга малынган министрлерди сындаганы үчүн бошотулган эле. Түркия 15-июлдагы аскерий төңкөрүш аракетине чейин эле басма сөз эркиндигин чектегени үчүн эл аралык уюмдар тарабынан катуу сындалып келген.

Эми эксперттер - журналисттердин жоон тобун камакка алган мындай чечимден кийин, Түркиядагы бийликтин аброю бир топ төмөндөйт деген пикилерди айтышууда. 

Түркияда аскерий төңкөрүш аракетинен кийин кармалган, камакка алынган, иштен бошотулган аскерлер, полицайлар, соттор, мугалимдер жана мамлекеттик кызматчылардын саны алтымыш миңден ашты.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118