Өлкөдө электр энергияга болгон бааларды жогорулатуу - энерго системанын азыркы абалына байланыштуу болууда. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, жалпы республика аймагындагы электр өткөрүү линияларынын жана көмөк чордондорунун эскириши учурда 50 пайыздан ашты. Азыркы тарифтер болсо энергосектордун капиталдык чыгымдарын жабууга чамасы жетпейт.
Азыркы учурда жалпы республика боюнча электр өткөрүү линияларынын эскириши 55,3 пайыз, ал эми көмөк чордондор менен трансформаторлордун эскириши 56 пайыздан ашты. Эгер бул көрсөткүчтөрдү облустарга бөлө турган болсок, эң эле кейиштүү абалда Ош жана Баткен облустарын камтыган “Ош электр” ишканасы. Ага катар эле Чүй, Талас облустарын тейлеген “Түндүк электр”, мындан сырткары “Чыгыш электр” жана “Жалал-Абад электр” ишканаларынын жабдыктары да эскилиги жетип, иш солгун жүрүп жатат.