Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мекемелер аралык тобунун иши уланууда. Чек араны тактоо оор иштердин бири. Татаалдыгына карабай чек араны тактоо боюнча узак жылдардан бери созулуп келген маселе алдыга жылды. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара толугу менен чечилди. Өкмөттөн белгилегендей чек ара бирдей бөлүштүрүлдү. Ал эми сууларды чогуу пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды. Учурда чек арага чектеш аймактарда жашаган элдердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чек ара чийиндерин тактоо дүйнө мамлекеттеринде талылуу маселелердин бири, - дейт адистер. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан чек араларды тактоодо отуз жылдан бери орток пикир таппай кыйналып келди. Чек ара сызыктарын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бир канча жолу сүйлөшүүлөр жүргөнү менен чек ара маселесин аягына чыгарууга мүмкүн болбой келди.