Жаңылыктар
Бишкекте белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди
Маданият
Бишкекте белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди

Заманыбыздын залкары, дүйнөгө белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиев атындагы опера искусствосуна арналган төртүнчү эл аралык фестиваль ушул күндөрү борбор калаа Бишкекте өтүүдө. Иш-чара Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чарага бүгүн президент Садыр Жапаров катышты. Ошондой эле, кеченин коноктору ырчынын замандаштары, чет өлкөлүк жана жергиликтүү опера ырчылары, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү болушту.

Бүгүн Булат Миңжылкиев атындагы опера искусствосуна арналган төртүнчү эл аралык фестивалдын башталганына 3 күн болду. Иш-чара чыгаан ырчынын 80 жылдыгына карата уюштурулган. Былтыр пандемияга байланыштуу маданий иш-чаралар да токтотулуп, Булат Миңжылкиевдин 80 жылдыгы да белгиленбей калган эле.