Жаңылыктар
Салык жана Бажы тармагы бардык тоскоолдуктарга карабай санариптешүүгө өтүшү керек,- Марипов
Кыргызстан жаңылыктары
Салык жана Бажы тармагы бардык тоскоолдуктарга карабай санариптешүүгө өтүшү керек,- Марипов

Салык жана Бажы тармагы бардык тоскоолдуктарга карабай санариптешүүгө өтүшү керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов өкмөттө өткөн жыйында билдирди. Ал мындай ыкчам аракет коррупцияны жоюуга жардам берип, мамлекеттин кирешесин арттырарын кошумчалады. Программанын алкагында 1-июндан тартып кассалык машиналарды виртуалдук текшерүү жана алкоголдук ичимдиктер менен тамекини маркирлөө өнөктүгү ишке кирет.

Мамлекетке салык төлөгөн жеке ишканалардын бадыгы бирдиктүү программанын негизинде иш алып барып, ал үчүн салык бөлүмдөрүнө келип убара болбойт. Алар ай сайын базадагы маалыматтык негизинде эле салык төлөшөт. Бул ишкерлер үчүн убакыт жагынан ыңгайлуу болуп, ашыкча мамлекеттик кызматкерлерге жолугуп отурбай казынага каражатты түз түшүрүүгө жол ачат.