Жаңылыктар
Согуштун ардагерлерине төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасы
Кыргызстан жаңылыктары
Согуштун ардагерлерине төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасы

Өкмөт Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жыл сайын бир жолку төлөнчү жөлөк пулдун суммасын бекитти. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Согуштун ардагерлерине ар кандай категорияга карап кенемте берилет. Анын суммасы 15-20 миң сомдун тегерегинде болду. 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, жашы жете элек курагында туткунга алынгандарга жана Ленинград шаары курчоодо калган учурда ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга, ошондой эле "Блокададагы Ленинграддын жашоочусу" белгиси менен сыйланган адамдарга 20 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөнүүчу жөлөк пул берилет. 

Ал эми согушта курман болгон жоокерлердин жубайларына, ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга, эмгек армиясына мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга 15 миң сом төлөнмөкчү. Жыл сайын Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына карата берилчү жөлөк пулдун суммасы да бекитилди.