Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар 15-июнга чейин каттоого тура алышат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен Кыргызстандын мигранттарынын Россиянын аймагында жүрүү маселеси боюнча жолугушууда билдирди. Мындай чечим Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 21-апрелде Артём Новиков менен жолукканда белгилүү болгон.
15-июнга чейин Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт. Артём Новиковдун айтымында, россиялык тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт, бирок мигранттар өз кезегинде расмий абалын тастыктап коюусу зарыл.
Аталган багыт боюнча иш-аракеттин так алгоритмин иштеп чыгуу керектигин билдирди. Ал ошондой эле жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартып, ар бир мигрантка жеке макамын тастыктоосу зарыл экенин жеткирүү керектигин кошумчалады.